АКШ ПККга дагы курал берди

АКШ Сирияда колдогон ПКК/ПЙД жикчил террордук уюмга 120 ок өткөрбөс унаа берди.

852276
АКШ ПККга дагы курал берди

АКШ Сирияда колдогон ПКК/ПЙД жикчил террордук уюмга 120 ок өткөрбөс унаа берди.

АКШ армиясы өткөн жумада Ирак  - Сирия чек арасындагы Симелка капкасынан өткөргөн 120 аскердик жана минага чыдамдуу ок өткөрбөс унааны ПКК/ПЙД жикчил террордук уюмга тапшырды.

Террордук уюмдун ок өткөрбөс унааларды жана жүздөгөн террористти Түркия чек арасында Хатайга жакын Сириянын Африн районуна өткөрүүнү пландагандыгы жана ушул максатта даярдык көргөндүгү билдирилди.

ПКК/ПЙДнин унааларды өткөрүп алуу үчүн Башар Асад режими жана Иран колдогон топтордун текшерүүсү астындагы Халеп коридорун колдонушу керек. АКШ мындан мурда да Ирактан миңдеген фура жана жүк ташуучу машина менен алып келген курал, унаа жана ок – дарыны ПКК/ПЙДге тапшырган болчу.



Тектеш кабарлар