Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын тыюу салуулары

Тыюу салуулардын Түндүк Кореяга багытталган жаңы экономикалык санкциялардын таасирлерин азайтууну максаттаганы белгиленген.

851870
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын тыюу салуулары

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын, өлкөсүндөгү алкоголдук ичимдик ичилген жана музыкалуу бардык иш-чараларга тыюу салды.

Тыюу салуулардын Түндүк Кореяга багытталган жаңы экономикалык санкциялардын таасирлерин азайтууну максаттаганы белгиленген.

Түндүк Кореянын бардык эл аралык каршы чыгууларга карабастан баллистикалык ракета сыноолорун жана ядролук курал өнүктүрүүсүн улантышынын себебинен экономикалык санкциялар процесске киргизилген.

Түштүк Кореянын улуттук чалгындоо кызматы, «Пхеньян бийлиги ичинде алкогол, музыка жана кандайдыр бир көңүл ачуусу болгон жыйналыштарга тыюу салды жана маалыматы болбогон бардык нерсенин үстүндөгү көзөмөлүн күчөттү»,деген маалымат таратты.

Түндүк Корея калкы учурда диктатордук режимдин астында турмушун улантууда.

Чет өлкөгө чыгуу чектелген өлкөдө, сүйлөшүүлөр байкалууда жана мамлекеттин маалыматынын тышындагы кандайдыр бир массалык байланыш шайманына ээ болуу оор түрдө жазаландырылууда.

Кургакчылык күчөгөн өлкөдө 5 ай мурда да Пхеньян пиво фестивалына тыюу салынган.

Түштүк Кореянын чалгындоо кызматы, Түндүк Корея режимининин курамындагы жогорку даражалуу жетекчилердин, аскерлердин партиянын чийген жолуна баш ийиши керектигине көңүл буруш үчүн армиянын полит-бюросунда уланган текшерүүлөрдө жазаландырылганын белгиледи.

Жазаландырылган кишилердин Бюро башчысы Хван Пхон Со жана анын орун басары Ким Вон Хонг болгону маалымдалды. Жазалар канай болгону жөнүндө маалымат бөлүшкөн жок.

Түштүк Кореянын чалгындоо кызматкерлери, «Космостук программа өнүктүрүү» аты менен Түндүк Кореяда жаңы ракеталык сыноолор жөнүндө белгилер болгону билдирилди.

Түштүк Кореянын чалгындоо кызматынын маалымдаганына караганда, «Чалгындоо кызматы окуяларды жакындан байкап жатат, анткени Түндүк Кореянын быйыл «спутник учуруусу» атынын астында космостук ийгилигин буза турган баллистикалык ракета сыноосун кылышынан шек саноодобуз»,делди.



Тектеш кабарлар