Путин менен Асад жолугушту

Жолугушуу Орусиянын Сочи шаарында болду

851474
Путин менен Асад жолугушту

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Сириянын лидери Башар Асад Орусиянын Сочи шаарында жолугушушту.

Кремлдин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Путиндин Асад менен жолугушуусунда Сириядагы аскердик процесс аяктап, эми саясий процесстин башталуусу керектигин айтканы белгиленди.

Сирияда саясий процесстин негизги багыттарынын белгиленеши керектигин баса белгилеген Путин: «Сирия Улуттук диалог конгрессине байланыштуу көз караштарыңыздарды да билгим келет. БУУнун карамагында жүргүзүлө турган саясий процессте сиздин да пикириңиз маанилүү»,-деп айтты.

Асад болсо Сирияда саясий процессти колдой турган бардык тараптарлар менен диалогго даяр экендиктерин жактап: «Сириядагы саясий процесске тышкы күчтөрдүн кийлигишпөөсү темасында Орусиянын колдоосуна ишенебиз»,-деди.



Тектеш кабарлар