Грециядагы селде каза болгондордун саны 21ге жетти
Дайынсыз жоголгон бир кишини издөө иштери улантылууда.
851787
![Грециядагы селде каза болгондордун саны 21ге жетти](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/c39e/d251/2609/5a13df53be364.jpg?time=1718965219)
Грециянын борбор шаары Афина жакындарында сел жүрүп, каза болгондордун саны 21ге жетти. Дайынсыз жоголгон бир кишини издөө иштери улантылууда.
Аттика аймагында Мандра, Мегара жана Неа Перамос деген жерлерде жабыркоочулар да жараларын айыктырууга аракет кылышууда. Бир тараптан Греция өкмөтү тарабынан даярдалган финансылык жардам пакети парламентте кабыл алынды.
Парламент селден жабыр тарткандар да болуу менен аз кирешелүү жана пенсиядагы кишилер үчүн 1 миллиард 400 миллион евролук социалдык жардамды бекитти. Селден зыян тарткан үйлөр үчүн 5 миң евро, иш жерлери үчүн да 8 миң евролук жардам берилет.