АКШ Түндүк Кореяны «террорго колдоо көрсөткөн өлкөлөр» тизмесине кошту

АКШнын президенти Дональд Трамп,кабинет жыйналышынын алдында басма сөз кызматкерлерине маалымат берди.

851470
АКШ Түндүк Кореяны «террорго колдоо көрсөткөн өлкөлөр» тизмесине кошту

АКШнын президенти Дональд Трамп, Түндүк Кореяны кайрадан «террорго колдоо көрсөткөн өлкөлөр» тизмесине кошконун жарыялады.

Трамп, кабинет жыйналышынын алдында басма сөз кызматкерлерине маалымат берди.

Ядролук куралдардан тазалоо үчүн Түндүк Корея тууралуу орчундуу кадамды таштагандарын белгилеген Трамп: «Бүгүн АКШ, Түндүк Кореяны террорго колдоо көрсөткөн өлкөлөр тизмесине кошту. Бул эбак эле жасалышы керек эле. Көп жылдар мурда эле жасалышы керек болчу»,-деди.

Пхеньян бийлигинин дүйнөнү ядролук кыйратуу менен коркутканын айткан Трамп, Түндүк Кореянын чет өлкөлөрдөгү кол салуулар менен кошо эл аралык террор кыймылдарын колдогонун айтып чыкты.

Трамп: «Бул кадам, Түндүк Корея бийлиги жана бийлик менен карым-катнаштарга жаңы санкцияларды жана жазаларды алып келет. Кээ-кээде ал тууралуу окуган жана айрым учурда ал тууралуу жазган канкор режимге каршы баштаткан катуу кыстоо боюнча акциябызды колдойт. Эртең Казына министрлиги да Түндүк Кореяга карай кошумча санкцияларды жарыялайт»,-деди.

Киргизиле турган санкциялар абдан чоң боло турганын белгилеген Трамп, аты аталган санкцияларды «эң жогорку деңгээлдеги санкция» деп мүнөздөдү.

АКШ бийлигинин бул чечим менен Түндүк Корея, 2008-жылы мурдагы АКШнын президенти Жорж Буш тарабынан чыгарылган «террорду колдогон өлкөлөр» тизмесине кайрадан кошулат.

Тизмеде Иран, Судан жана Сирия дагы орун алган.

Бул учурда АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон, Түндүк Кореянын «террорду колдогон өлкөлөр» тизмесине киргизилишинин ушул убакка дейре болгон процесстин уландысы болгонун жана күтүлбөгөн окуя болуп эсепелбеши керектигин белгилеп кетти.

Тиллерсон, Ак үйдөгү маалымат жыйынында, «Дипломатия үчүн дагы деле үмүтүбүз үзүлгөн жок. Бул кадам, Ким Чен Ын режиминин үстүндөгү кысымды арттыруу жана үстөлгө келип сүйлөшүүлөрүн баштаганга дейре режим үчүн иштердин дагы да начарлай турганын түшүнүшүн максаттайт»,-деди.



Тектеш кабарлар