Жардам таратуу учурунда аялдар тебелендиде калышты

Баш аламандыкта 15 аял көз жумду

850709
Жардам таратуу учурунда аялдар тебелендиде калышты

Мароккодо жардам таратуу учурунда 15 аял тебелендиде калып каза тапты.

Ички иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, өлкөнүн жээк шаарларынан Сувейрага караштуу Сиди Абу аль-Алем районундагы жардам таратуу иш-чарасында болгон баш аламандыктан 15 аялдын көз жумганы, 5 кишинин оор жаракат алганы белгиленди.

Иш-чараны жергиликтүү жардам уюмунун уюштурганы баса белгиленген билдирүүдө, тебелендиде калгандарга керектүү колдоонун көрсөтүлө турганы маалымдалды.  



Тектеш кабарлар