Израиль менен Сауд Арабиянын жашыруун байланыштары...

Израиль армиясынын радиосуна маек куруп берген энергетика министри Юваль Стейниц, бул туурасында айтып берди.

850892
Израиль менен Сауд Арабиянын жашыруун байланыштары...

Израиль менен Сауд Арабия Иранга каршы жашыруун байланыш курууда.

Израиль армиясынын радиосуна маек куруп берген энергетика министри Юваль Стейниц, Сауд Арабия менен өлкөсүнүн Иранга карата бирдей санааркоолору болгонун жана ушул себептен жашыруун байланышта болгондорун айтты.

Юваль Стейниц, бул байланыштын эмне үчүн жашыруун экени жөнүндөгү суроого жооп иретинде бир топ мусулман жана араб өлкөсү менен бир аз жашыруун байланыштары болгонун, бирок сүйлөшкөн тараптын сыр сактоосун талап кылгандарын айтты.

Израилдин башкы штаб төрагасы Гади Эйзенкот да, өткөн аптада Сауд Арабиянын гезитине берген репортажында, Иранга каршы Сауд Арабия жана башка жумшак Араб өлкөлөрү менен тажрыйба жана чалгындоо бөлүшүүгө даяр болгондорун белгилеген.

Сауд Арабия менен Израилдин ортосунда бир топ биргелешкен кызыкчылык болгонун жактаган Гади Эйзенкот: «АКШнын президенти Дональд Трамптын лидерлиги астында аймакта жаңы эл аралык шериктештик түзүү мүмкүнчүлүгү бар. Иран коркунучун четке кагыш үчүн чоң жана кеңири стратегиялык планды ишке ашырууга муктаждыгыбыз бар»,-деп айтты.

Бир Сауд Арабия гезитине репортаж берген Израилдин «алгачкы» башкы штаб төрагасы болгон Эйзенкот, Ирандын Жакынкы Чыгыштагы таасиринин Израиль үчүн да Сауд Арабия үчүн да санааркатуучу болгонун айткан.

Гади Эйзенкот: «Ирандын планы, эки шиит жарым айы менен Жакынкы Чыгышты көзөмөлгө алуу. Булардан бирөө Ирандан Иракка, ал жерден да Сирия жана Лвианга жетет. Экинчиси болсо Бахрейн жана Йемен аркылуу Кызыл деңизге жетет. Мунун ишке ашырылышына бөгөт коюуга мажбурбуз»,-деп айткан.

Ирандын жайылуучулугу туурасында сауд арабиялык жооптуу кызматкерлерден уккандарынын Израилдин снааркоолору менен бирдей экенин белгилеген Гади Эйзенкот, бул темада Сауд Арабия менен Израилдин толук түшүнүшүү биримдиги болгонун айткан.



Тектеш кабарлар