Японияда АКШ аскерлерине ичимдик ичүүгө тыюу салынды

АКШ армиясынан билдирүү айтылды

850907
Японияда АКШ аскерлерине ичимдик ичүүгө тыюу салынды

Японияда бир кишинин өмүрүн алган жол кырсыгынан кийин Окинавада кызмат өтөп жаткан АКШнын аскердик кызматкерлерине ичимдик ичүүгө тыюу салынды.

Окинаванын түштүгүндө 21 жаштагы деңиз аскери Николас Жеймс-Маклиндин ичимдик ичип алып колдонгон унаа менен 61 жаштагы Хидемаса Тайранын өлүмүнө себепчи болгону боюнча АКШ армиясынан бул тууралуу билдирүү айтылды.

Билдирүүдө Япониянын жалпысында АКШнын аскердик кызматкерлеринин ичимдик сатып алуусуна жана колдонуусуна тыюу салынганы, Окинавадагыларга экинчи буйрукка чейин базаларынан чыгууга тыюу салынганы белгиленди.

Жүк ташуучу унаа менен Тайранын унаасын каккан Жеймс-Маклин кечээ камакка алынган болчу.

Текшерүүнүн жыйынтыгы, анын мыйзамдуу чектен үч эсе көп ичимдик ичкендигин көрсөткөн.


Этикеткалар: #ичимдик , #Окинавада

Тектеш кабарлар