Йемендеги окуялар

Кол салууда 11 хуси каза болду.

849794
Йемендеги окуялар

Сауд Аравиянын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрүнүн Йемендин борбор шаары Санада жасаган абадан кол салуусунда 11 хуси каза болду. Коалиция күчтөрү Сананын Эрхаб районунда хуси куралдуу күчтөрүнүн буктурмаларына карата абадан кол салды. Кол салууда ондогон жаралуунун бар экендиги, эки танка менен бир курал жана ок – дары сактоочу жердин жардырылгандыгы белгиленди.

Бир тараптан хусилердин Нехм районуна караштуу Беран аймагында Ел  -  Кавл айылындагы Атаандаштык адам укуктары уюмунун төрагасы Абдуллах еш  - Шелифтин үйүн жардыргандыгы билдирилди. Атаандаш адам укуктары уюму көптөгөн жылдар хусилердин Эрхабдагы адам укуктарын бузгандыгына байланыштуу отчетторду жарыялоодо.  

Узун убакыттан бери саясий ыраатсыздыктар болуп жаткан Йеменде хусилер жана аларга колдоо берген, кулатылган президент Али Абдуллах Салих жактоочулары менен Сауд Аравиянын жол башчылыгындагы эл аралык коалиция колдоо берген мыйзамдуу өкмөт күчтөрүнүн арасындагы кагылышуулар кээ бир шаарларда улантылууда.



Тектеш кабарлар