АКШнын Аляска штаты Түндүк Кореянын ядролук кол салуусуна даярдык көрүп жатат

Радиацияга каршы дары-дармек жана суу запастап жатышат

849722
АКШнын Аляска штаты Түндүк Кореянын ядролук кол салуусуна даярдык көрүп жатат

АКШнын Аляска штатында Өзгөчө кырдаалды пландоо комитетинин мүчөсү Жереми Зидек, аймактын элин Түндүк Кореянын ядролук кол салуусуна даярдыктуу болууга чакырды.

Зидек, радиацияга каршы дары-дармек жана суу запастоону, фонарь жана радио аппараттарын даярдоону сунуштады.

АКШ медиасынын кабарларына караганда Зидек, сунуштарынын адамдардын берки апааттар үчүн даярдыктары менен бирдей экенин белгилеп: «Ядролук кол салуу учурунда эвакуация үчүн убакыт жетишпейт, ушул себептен эң жакшы сунуш жашынуу жана кол салуунун аякташын күтүү»,-деди.

 



Тектеш кабарлар