Пентагон террордук уюмдардын макулдашуусун урматтаганын билдирди

Пентагондун басма сөз катчыларынан Эрик Пахон, террор уюмдарынын ортосундагы макулдашууну «жергиликтүү маселеге жергиликтүү чечим табуу» катары аныктады.

847840
Пентагон террордук уюмдардын макулдашуусун урматтаганын билдирди

АКШнын Коргоо министрлиги террор уюму ПКК/ПЙДнын Сириянын Ракка шаарын таштап кетүүлөрү үчүн ДЕАШ менен болгон жашыруун макулдашууга тарап болбогонун, бирок муну урматтагандарын билдирди.

Пентагондун басма сөз катчыларынан Эрик Пахон, террор уюмдарынын ортосундагы макулдашууну «жергиликтүү маселеге жергиликтүү чечим табуу» катары аныктады.

Пахон, Раккадагы жаран санынын көптүгүнөн улам АКШ башкарган ДЕАШка каршы коалициянын абадан чабуул коюусу татаал болуп турганда Сирияда SDG деген атты колдонгон ПКК/ПЙДнын, ДЕАШ менен макулдашканын айтты.

Бул макулдашуунун толугу менен жарандарды коргоо максаттуу болгонун айтып чыккан Пахон: «Өнөктөштөрүбүз менен ар дайым толук макулдашкан болбошубуз мүмкүн, бирок алардын өз маселелерине чечим табуусуна урмат-сый көрсөтөбүз»,-деди.

Аты аталган макулдашуу ПКК/ПЙД түзгөн жалган Ракка жарандык кеңеши менен араб уруу лидерлеринин ортосунда болгонун айткан Пахон, макулдашуунун жаран калктын жана ДЕАШка мүчө террористтердин үй-бүлөлөрүнүн Раккадан чыгуулары үчүн уруксат берип ДЕАШ менен кызматташтык кылган сириялыктарды болсо коомчулукка кошуу үчүн мүмкүнчүлүк берилгенин айтып чыкты.

Коалициядан жогорку деңгээлдеги бир жооптуу кызматкердин макулдашууну байкаганына да токтолгон Пахон, коалициянын болсо бул макулдашууга активдүү тарап болбогонун жактады.

Катчы шаардан чыккан бардык жарандардын текшерүүдөн өткөрүлгөнүн, араларындагы чет элдик террористтердин болсо кармалганын айтты.

Англиянын берүү мекемеси ВВС,  ДЕАШка мүчө жүздөгөн террорист жана үй-бүлөлөрү, АКШ-Англия баштаган эл аралык коалициянын байкоосу астында жикчил террор уюму ПКК/ПЙД менен макулдашып октябрь айында Ракканы конвойлор түрүндө таштап чыгып кеткени боюнча видеолорду эфирге берген.



Тектеш кабарлар