АКШнын үч учак кемеси Корея жарым аралына кирди
Учак кемелеринин Корея жарым аралына кириши АКШ деңиз күчтөрүнүн YouTubeдагы расмий каналында жарыяланды.
848211
![АКШнын үч учак кемеси Корея жарым аралына кирди](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/eb50/940f/97a1/5a0be69866f8b.jpg?time=1718968150)
Учак кемелеринин Корея жарым аралына кириши АКШ деңиз күчтөрүнүн YouTubeдагы расмий каналында жарыяланды.
АКШнын үч учак кемесинин биргелешкен машыгууга катышуу үчүн Түштүк Кореянын операция жүргүзүүчү аймагына киргендиги белгиленди. Жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында Сеулдун USS Ronald Reagan, USS Nimitz жана USS Theodore Roosevelt учак кемелери менен биринчи жолу маневра жасагандыгы билдирилди. Учак кемелерин араларында Sejong the Great ve the Seoae Yu Seong-ryong эскадралык миноносец да болгон 10 башка кеме да коштоодо. Sejong the Great эскадралык миноносецтин капитаны АКШ менен союздаштыктын негизинде каршы тараптын провакацияларына каршы чыга аларын билдирди.