АКШнын Орусияга карата жаңы санкциялары Түрк агымы проектиси үчүн коркунучтуу

Газпром тарабынан жарыяланган үчүнчү чейрек отчетунда АКШнын Орусияга карата жаңы санкцияларынын фирманын чет элдик инвесторлоруна тескери таасир таасир тийгизери белгиленди.

848229
АКШнын Орусияга карата жаңы санкциялары Түрк агымы проектиси үчүн коркунучтуу

«АКШнын Орусияга карата жаңы санкциялары Түрк агымы проектиси үчүн коркунуч жаратууда»

Орус энергетика фирмасы Газпром тарабынан жарыяланган үчүнчү чейрек отчетунда АКШнын Орусияга карата жаңы санкцияларынын фирманын чет элдик инвесторлоруна тескери таасир тийгизери белгиленди.

Санкциялардан улам Түрк агымы жана Түндүк агымы  - 2 сыяктуу проектилер да болуу менен бардык түтүк жолу проектилеринин бүткөрүлүшүнө карата коркунуч туудургандыгы белгиленип : «Бул коркунучтардын туура анализделиши үчүн АКШнын казына министрлигинин санкцияларынын эмне камтыгандыгын ачыкка чыгарышы керек»,- деп билдирилди.

АКШ тарабынан 2 -  августта ишке киргизилген жаңы мыйзам менен АКШнын президенти Дональд Трамп орус түтүк жолунун курулушу жана оңдолушу үчүн инвестиция салган, технологиялык жардам берген же орус фирмаларына кызмат кылган кандайдыр бир кишиге же фирмага чектөө алып келе турган чараларды киргизүү тууралуу жоопкерчиликти берген.

Standard & Poor’s тарабынан жарыяланган отчетто АКШнын Орусияга карата жаңы санкцияларынан улам Европа жаратылыш газ базарында белгисиздиктин пайда болгондугу билдирилген болчу.

 



Тектеш кабарлар