АКШнын жаңы санкцияларына каршы Москвадан жаңы чектөөлөр даяр

Орусия-АКШ карым-катнаштары эң төмөнкү деңгээлде

847545
АКШнын жаңы санкцияларына каршы Москвадан жаңы чектөөлөр даяр

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев, Орусия-АКШ карым-катнаштарынын акыркы жылдардын эң төмөнкү деңгээлинде экенин айтты.

Медведев билдирүүсүндө: «АКШнын жазалык санкцияларды киргизип Орусияны бир гана атаандаш катары эмес, душман катары көргөндүгүн көрсөттү»,-деди.

Орусиянын премьер-министри: «АКШнын жаңы санкцияларына каршы Москва башкаруусу да жаңы чектөөлөргө даяр»,- деп айтты.

Медведев, АСЕАНдын түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгына карата берилген кечки сый тамактан кийин АКШнын президенти Дональд Трамп менен сүйлөшкөнүн да кошумчалады.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу да, АКШнын террордук уюм ДЕАШты жаап-жашырганын белгилеп: «АКШ Жакынкы Чыгышта терроризмге каршы күрөшүп жаткан сыяктуу мамиле кылууда»,-деген болчу.



Тектеш кабарлар