Эрдоган менен Путин жолугушту
Жолугушуу Сочиде өткөрүлдү
Президент Режеп Тайип Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту.
Сочидеги жолугушууга башкы штабдын төрагасы армия генералы Хулиси Акар, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жана Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын да катышты.
Жолугушууда эки лидер өз ара мамилелер менен катар Сирия кризиси, аймактык жана эл аралык маселелерди сүйлөштү.
Президент Эрдоган Орусиянын президенти Путин менен бетме-бет жолугушуусунда: «Аймактагы эки тараптуу карым-катнаштарыбыз, ошондой эле аймактык маселелерге карата тилектештигибиз келечекке карай ишенимибизди да арттырууда»,-деди.
Эрдоган: «Өзгөчө ушул нормалдашуу процессинин ичинде чындап эле тез-тез жолугушуп турганыбыз, Түркия менен Орусиянын ортосундагы карым-катнаштарды дагы да күчтөндүрөт»,-деп кошумчалады.
Тектеш кабарлар
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.