Путин - Назарбаев жолугушуусу
Путин Орусиянын Челябинск шаарында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту.
Орусиянын президенти В. Путин Астана сүйлөшүүлөрүнүн саясында Сирия кризисин эрте чечүү ыктымалынын пайда болгондугун белгилеп : «Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге Астана сүйлөшүүлөрүнө кошкон салымынан улам рахмат айтам»,- деди.
Путин Орусиянын Челябинск шаарында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту. Казак президент менен кенен сүйлөшүү өткөрүшкөндөрүн айткан Путин : «Орусия менен Казакстандын ортосундагы кызматташтыктын маанилүү элементтерин дагы да жогорку деңгээлге алып барууга карата абдан түшүмдүү сүйлөшүү өткөрдүк»,- деди.
Казакстан менен Орусиянын стратегиялык өнөктөштөр экендигин баса белгилеген Путин : «Достук, жакшы коңшулук, теңдик жана бири бирине карата урмат – сыйдын алкагында карым – катнаштарыбыз өнүгүүдө. Астана сүйлөшүүлөрүнүн саясында Сирия кризисин эрте чечүү ыктымалы пайда болду. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге Астана сүйлөшүүлөрүнө кошкон салымынан улам рахмат айтамын»,- деди. Назарбаев да Челябинск шаарынын өзү үчүн абдан чоң мааниге ээ экендигин белгилеп : «Жаш кезимде бул шаарга көп келчүмүн. Челябинскиде ал мезгилде кыдырбаган фирма калган эмес. Бул аймак бир гана советтер союзунун эле эмес, бүткүл дүйнөнүн маанилүү металлургия борборлорунун бири эле»,- деди.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.