АКШ менен Түштүк Корея машыгуу өткөрөт

Түндүк Корея коркунучуна каршы биргелешкен машыгуу өткөрүлөт

844852
АКШ менен Түштүк Корея машыгуу өткөрөт

Түштүк Корея менен АКШ арамиясына караштуу флоттук күчтөр эртең Түндүк Корея коркунучуна каршы биргелешкен машыгуу өткөрүшөт.

Түштүк Корея армиясынан маалымдалгандай, машыгууда Түштүк Кореядан 7 согуштук кеме менен АКШ флотунан USS Nimitz, USS Theodore Roosevelt жана USS Ronald Reagan аттуу үч учак конуучу кеме менен 11 согуштук кеменин катыша турганы белгиленди.

Корея жарым аралынын айланасында өткөрүлө турган машыгуу 14-ноябрь шейшемби күнгө чейин уланат.

«Түндүк Корея коркунучуна каршы коргонуу» маневрларын камтыган 4 күндүк машыгуу, Пхеньян башкаруусунун ядролук жана ракеталык чагымчылыктарына каршы баш тарттыруучу максатында өткөрүлөт.



Тектеш кабарлар