Орусиянын тышкы иштер министрлигинин катчысы Мария Захарова Хейлиге каршы чыкты

Орусия Сириянын Идлиб шаарына караштуу Хан Шейхун кыштагындагы химиялык кол салууда колдонулган зарин газынын Сириядан чыккан деген сөздү четке какты.

844517
Орусиянын тышкы иштер министрлигинин катчысы Мария Захарова Хейлиге каршы чыкты

Орусия Сириянын Идлиб шаарына караштуу Хан Шейхун кыштагындагы химиялык кол салууда колдонулган зарин газынын Сириядан чыккан деген сөздү четке какты.

Орусиянын тышкы иштер министрлигинин катчысы Мария Захарова Москвада өткөргөн пресс  - жыйынында Химиялык куралдарга тыюу салуу уюму жана БУУнун орток териштирүү механизминин отчетунда орун алган Хан Шейхунда колдонулган зарин газынын Сириядан чыккандыгы тууралуу ойлордун негизсиз экендигин белгиледи.

Захарова Хан Шейхунда колдонулган зарин газынын Сириядан чыккандыгын айтууну улантып жаткан БУУмунун орток териштирүү механизминин төрагасы Эдмонд Мулеттин бул маселе боюнча теориялык илим жана логикалык жактан толугу менен дал келбегендигин да айтты. Катчы Захарова Орусияны Сириядагы химиялык кол салууларга байланыштуу териштирүүнү жаман аттуу кылуу жана БУУнун коопсуздук кеңешин бөлүү менен күнөөлөгөн АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейлиге да каршы чыкты. Захарова : «Хейлинин сөздөрүндө жаңы бир нерсе жок. АКШлык өкүл Дамаскты химиялык курал колдонуу менен күнөөлөөнү жана Орусияга карата сөз айтууну улантууда. Бул мамиле Хейлиге эч нерсе алып келбейт»,- деди.

БУУнун орток териштирүү механизминин отчетунда 4 -  апрелде Хан Шейхунда болгон жана 100 жаран каза тапкан кол салуунун жооптуусу катары Сириянын мамлекет башчысы Башар Асад өкмөтү көрсөтүлгөн болчу.



Тектеш кабарлар