Юпитердин жаңы фотосүрөттөрү жарыяланды
«Юнона» Юпитердеги иликтөө иштерин улантууда
843659
Американын космостук агенттиги (НАСА), Юпитердин «Юнона» аппараты менен тартылган жаңы фотосүрөттөрүн социалдык медиа баракчасынан бөлүштү.
Космоско 2011-жылы учурулган «Юнона» 2016-жылдын июль айында Юпитерге баргандан бери ири газ планетадагы изилдөө иштерин улантууда.
«Юнона» 2018-жылдын 20-февралында планетанын бетине карай акыркы сапарынан кийин атмосферада күйүп жок болуп миссиясын аяктайт.