Түштүк Кореядагы митингде бир киши жараланды

Түштүк Кореянын борбор шаары Сеулда АКШнын президенти Дональ Трампка каршылар менен жактоочуларынын арасында кагылышуу чыкты.

843284
Түштүк Кореядагы митингде бир киши жараланды

Түштүк Кореянын борбор шаары Сеулда АКШнын президенти Дональ Трампка каршылар менен жактоочуларынын арасында кагылышуу чыкты. Азия турунун негизинде эки күндүк расмий сапар менен Сеулга барган Трамп Түштүк Кореянын улуттук парламентинде депутаттарга кайрылып сөз сүйлөдү.

Трампка каршылар менен колдоочуларынан турган 8 миң 600гө жакын киши АКШ лидери сөз сүйлөгөндөн көптөгөн сааттар мурда парламент имаратынын алдында чогулушту.

Колдорунда : «Трампка да согушка да макул эмеспиз» деп жазылган валюталар менен жүргөн Трамп каршылары АКШ лидеринин «адамдарды улутчулдук менен бөлүп жарып, тынчтыкты жок кылууну каалагандыгын» жакташты. Трамптын жактоочулары болсо «Трапмты жакшы көрөбүз» деген ураандар  менен жүрүшүп, АКШ жана Түштүк Кореянын ортосундагы союздаштыкты күчтөндүрүүгө чакырышты. Эки топтун арасында чыккан кагылышууда бир митингчи жараланды. Митингде 18 миңге жакын полиция кызмат кылды.

Полиция каршы топтордун арасында коопсуздук дубалын куруу менен кагылышуунун күч алышына тоскоол болду. Бүгүн эрте менен Түштүк Корея менен Түндүк Кореяны бири биринен бөлүп турган  аскерлерден тазаланган аймакты зыярат кылышы пландалган Трамптын программасы жаман аба шарттарынан улам токтотулган болчу.



Тектеш кабарлар