Йемендеги кол салууда каза болгондордун саны артты

Каза болгондордун саны 46га, жаралангандардын саны болсо 47ге жетти.

842816
Йемендеги кол салууда каза болгондордун саны артты

 Йемендин убактылуу борбор шаары Аденде жекшемби күнү коопсуздук борборун бутага алган жан кечтилик кол салууда каза болгондордун саны 46га, жаралангандардын саны болсо 47ге жетти. Йемен ички иштер министрлигинин интернет сайтында жооптуу булактарга таянып берилген маалыматта : «Террордук кол салууда 46 киши каза болуп, 47 киши жараланды»,- деп айтылды.

Маалыматта кылмышты изилдөө борборуна карата кол салууда ДЕАШ мүчөсү 4 террористтин денесиндеги бомбаны жардыргандыгы билдирилди. Аденде жекшемби күнү жасалган кол салууда биринчи болуп 5сү кол салуучу болгон 23 кишинин каза болгондугу, 28 кишинин да жаралангандыгы билдирилген. Кол салуунун жоопкерчилигин террордук уюм ДЕАШ алган.



Тектеш кабарлар