Сауд Арабияда тик учар кулап түштү

Сауд Арабияда бир принц жана жогорку даражалуу кызматкерлерди ташыган тик учар кулап түштү.

841248
Сауд Арабияда тик учар кулап түштү

Сауд Арабияда бир принц жана жогорку даражалуу кызматкерлерди ташыган тик учар кулап түштү.

Кырсыктан аман кутулган эч ким болгон жок.

Сауд Арабиянын расмий телеканалынын маалыматында Абха аймагынын эмиринин орун басары принц Мансур бин Мукрин жана аны коштогон делегацияны ташыган тик учардын кулап түшкөнү, окуяда принц менен кошо делегациядагылардын бардыгы каза тапканы белгиленди.

Принц Мансур менен кошо тик учарда Эмир милдетин аткаруучу Селман эл-Жериши, Эмирликтин башкы катчысы Салих бин Абдуллах эл-Кади, Асир аймагынын айыл чарба бөлүмүнүн башчысы Фехд эл-Фертиш, Асир аймагынын полиция директору майор Салих бин Сүлейман эл-Керзаи жана башка жооптуу кызматкерлер болгону айтылды.

Кырсыктан кийин көп өтпөй маалымат берген Ички иштер министрлигинин коопсуздук боюнча катчысы генерал-лейтенант Мансур Эт-Турки болсо, түшкөн тик учардын кыйрандысы табылганын белгиледи.

Катчы, Асир аймагынын эмир милдетин аткаруучусунун делегациясы менен бирге адаттагы программасын байкоо үчүн Эбха шаарынын батышында орун алган жээк тилкесине барганын, кечинде кайтып келе жатканда тик учар менен байланыш үзүлгөнүн маалымдады.

Адистердин тик учардын кыйрандысына жеткенин жана тийиштүү иликтөөлөрдү кылганын белгилеген Эт-Турки, алынган акыркы маалыматтардын алдыдагы сааттарда коомдук пикир менен бөлүшүлө турганын айтты.



Тектеш кабарлар