Чоң пирамидадан боштук табылды

Табылган боштуктун бир функциясынын бар же жок экендиги белгисиз.

839612
Чоң пирамидадан боштук табылды

Илимпоздор Египеттеги Чоң пирамидадан чоң  боштукту табышты. Бул боштуктун кандайдыр бир функциясынын бар же жок экендиги азырынча белгисиз, себеби  ичине чейин изилдене элек.

Япон жана француз илимпоздор бул билдирүүнү 2 жылдык изилдөөдөн кийин маалымдашты.

Биздин заманга чейинки 2509- 2483 -  жылдардын арасында курулган жана Кеопс жана Куфу деген аттар менен да билинген Чоң пирамида 140 метр бийиктиги менен борбор шаар Каирдин тышында орун алган пирамидалардын арасында эң чоңу.



Тектеш кабарлар