Трамп Путин менен жолугат

Президент Трамп Fox Newsка маалымат берди

840110
Трамп Путин менен жолугат

АКШнын президенти Дональд Трамп келээрки жумада Вьетнамда өткөрүлө турган Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыктын (APEC ) лидерлер саммитинде Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугуша турганын айтты.

Fox Newsка маалымат берген Трамп: «Путин менен жолугушуубуз мүмкүн. Путин абдан маанилүү, анткени алар (Орусия) бизге Түндүк Корея жана Сирия темаларында жардам бере алат. Украина тууралуу да сүйлөшүүбүз керек»,-деп айтты.

Трамп менен Путин биринчи жолугушууларын 7-июлда Германиянын Гамбург шаарында болгон Чоң жыйырмалыктын саммитинде өткөрүшкөн болчу.

30 мүнөт деп белгилеген жолугушуу 2 саттан көп убакытка созулган эле.

Fox Newsка берген маалыматында, Түндүк Корея чыңалуусуна да токтолгон Трамп Кытайдын бул темадагы жардамдары «абдан сонун» деп сыпаттады жана «Түндүк Корея маселесин чечебиз деп ойлоп жатам. Эгерде чече албасак бул алар үчүн жакшы болбойт. Бирок Кытай бизге жардам берүүдө»,-деди.

Трамп, Кытайдын Түндүк Корея менен банк системасындагы байланыштарын үзүп, мунай зат жана берки өндүрүмдөрүнүн экспорттолуусун токтотуп жардамчы болгонун айтты.

АКШнын лидери, Азияга сапарынын алкагында Кытай, Япония, Түштүк Корея, Филиппиндер жана Вьетнамга барат.



Тектеш кабарлар