НАТОнун баш катчысы Түштүк Кореяда

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Түндүк Кореянын Түндүк Америка жана Европаны ата ала турган баллистикалык ракета чыгаргандыгын айтты.

839588
НАТОнун баш катчысы Түштүк Кореяда

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг биримдиктин кандайдыр бир жерден келе турган баллистикалык ракеталык кол салууларга каршы даяр экендигин белгиледи.

Түштүк Кореяга барган Столтенберг берген маалыматында : «Кандайдыр бир кол салууга бөгөт болуу жана жооп кайтаруу тууралуу чечкиндүүбүз. НАТО кандайдыр бир жерден келе турган баллистикалык ракеталык кол салууга карата даяр»,- деди.

Түндүк Кореянын Түндүк Америка жана Европаны ата ала турган баллистикалык ракета чыгаргандыгын белгилеген Столтенберг НАТОнун Түндүк Кореяга карата бир гана дипломатиялык, экономикалык жана саясий санкцияларды колдонууга көңүл бургандыгын айтты. Ошол эле учурда Столтенберг жана Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Кан Чун-ха менен өткөргөн жолугушууда жаңы бир өнөктөштүк программасына кол коюлду.

 

 



Тектеш кабарлар