Гентилони Сауд Арабияда жолугушууларды өткөрдү
Король Салман Гентилонини Риядда кабыл алды
Сауд Арабиянын королу Салман бин Абдулазиз, расмий сапар менен барган Италиянын премьер-министри Паоло Гентилонини борбор шаар Риядда кабыл алды.
Сауд Арабиянын расмий агенттигинин (SPA) кабарына караганда, король Салмандын Гентилони менен өткөргөн сүйлөшүүдө эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштар каралды.
Кабарда Гентилонинин мураскор ханзаада Мухаммед бин Салман менен да жолугушканы жана жолугушууда Сауд Арабиянын 2030-жылга карата көз карашынын алкагында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу темасынын талкууланганы маалымдалды.
Италиянын премьер-министри Гентилони жолугушуулардан кийин Сауд Арабиядан Бириккен Араб Эмирликтерине аттанды.
Тектеш кабарлар
Кремль орус жарандарына Ливандан чыгып кетүүнү сунуштады
Песков Израилдин Ливанга кол салууларына байланыштуу журналисттерге билдирүү жасады.