Астанадагы 7 - Сирия жыйыны аяктады

Тараптар туткун жана камоодогу кишилерди алмаштыруу  менен блокада астындагы аймактарга үзгүлтүксүз гуманитардык жардам алып баруу тууралуу келише алган жок.

838285
Астанадагы 7 -  Сирия жыйыны аяктады

Казакстандын борбор шаары Астанада болгон 7 -  Сирия жыйыны аяктады. Көптөгөн олуттуу малелелер каралган жыйында тараптар туткун жана камоодогу кишилерди алмаштыруу  менен блокада астындагы аймактарга үзгүлтүксүз гуманитардык жардам алып баруу тууралуу келише алган жок.

Кепил өлкөлөр бул темалар боюнча иш алып барууну улантуу чечимин чыгарды. Жыйындын экинчи жана акыркы күнүндө Түркия, Орусия, Иран, Асад режими жана аскердик оппозициянын ортосунда эки жана үчтүк сүйлөшүүлөр өткөрүлдү.

Байкоочу катары катышкан АКШ, Иордания жана БУУмунун делегациялары да сүйлөшүүлөрдө орун алды. Түркия делегациясына тышкы иштер министрлигинин кеңешчи орун басары Седат Өнал жетекчилик кылды.

Астанада бардык темаларда келишим түзүлбөсө да акырында тараптар орток билдирүү текстинде келишти. Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов эки күнгө созулган жыйындын жыйынтык билдирүүсүн окуду.

Абдрахманов тараптардын мурунку турларда чечим чыгарылган Сирия ичиндеги араздашууларды азайтууга карата орток ок атышпоолордун чоң өлчөмдө түзүлүшүнөн ыраазы экендерин белгиледи. Тышкы иштер министри жаназалардын тапшырылышы, жоголгон кишилердин күбөлүктөрүнүн аныкталышы тууралуу кадам таштоо үчүн иштерди улантуу тууралуу бирдей пикирде экендерин белгиледи. Казак министр тараптардын Орусиянын сунушу менен БУУнун байкоосундагы Женева процесси менен шайкеш келип, сириялыктардын арасында улуттук диалог конгрессин өткөрүүну карап чыгууга чечим чыгаргандыгын билдирди.

Абдрахманов 8 -  Астана жыйынын декабрь айынын экинчи жарымында өткөрүлүшү пландалып жаткандыгын белгиледи.

Туткун жана камоодогу кишилерди алмаштыруу менен блокададагы аймактарга гуманитардык жардам киргизүү тууралуу келишимдин түзүлө албашына оппозициячылдар катуу каршылык көрсөттү. Оппозициячылдар Асад режиминин келишим түзүүгө жакындабагандыгын жана Сирияда ок атышпоо эрежелерин бузгандыгын белгилешти.

 

 



Тектеш кабарлар