Сирия тууралуу 7 - Астана жыйыны

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевlby кепил өлкөлөр менен түштөн кийин жолугушууну каалагандыгы билдирилди.

837706
Сирия тууралуу 7 - Астана жыйыны

Казакстандын борбор шаары Астанада өткөрүлгөн Сирия тууралуу  7 -  жыйын экинчи жана акыркы күнүндө тараптардын камоодогу кишилер менен туткундардын эркин койо берилиши тууралуу тыгыз сүйлөшүүлөрү менен улантылууда.

Түркия, Орусия, Иран, Башар Асад режими, аскердик оппозиция байкоочу катары катышкан АКШ, Иордания менен БУУнун делегациялары эки тараптуу жана үчтүк сүйлөшүүлөрдү өткөрүшүүдө.

Оппозиция булактарынан алынган маалыматка караганда Ахмед Бырри лидерлигиндеги делегация эрте мененки сааттарда Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов менен жолугушту.

Ошол эле учурда Орусиянын президенти В. Путиндин Сирия атайын өкүлү Александр Лаврентьев орус басма сөзүнө берген маалыматында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин кепил өлкөлөр менен түштөн кийин жолугушууну каалагандыгын жарыялады.

 

 



Тектеш кабарлар