НАТО башкы катчысы
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Москва менен Анкара түзгөн S – 400 ракета коргонуу системалары келишимин Түркиянын улуттук чечими катары мүнөздөдү.
838076
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Москва менен Анкара түзгөн S – 400 ракета коргонуу системалары келишимин Түркиянын улуттук чечими катары мүнөздөдү.
Япониянын борбор шаары Токиодо пресс - жыйын өткөргөн Столтенберг : «Түркиянын Орусия менен S – 400 келишимине кол коюп алган жаңы абадан коргонуу мүмкүнчүлүктөрүнө инвестиция салуу чечими бул өлкөнүн улуттук чечими»,- деди.
Столтенберг андан мурда Түркиянын Орусиядан S – 400 сатып алуу тууралуу : «НАТО мүчөлөрү кайсы каражатты аларына өздөрү чечим чыгарат»,- деп S – 400 системасын НАТОго интеграция кылуу үчүн Түркиядан бир талаптын келбегендигин билдирген болчу.