Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жубайы менен карындашы

Ким Чен Ын жубайы жана карындашы менен косметика чыгаруучу ишкананы кыдырды

836874
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жубайы менен карындашы

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын анда-санда көрсөтүлгөн жубайы жана карындашы менен косметика чыгаруучу ишканада көрүндү.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жубайы Ри менен карындашы Ким Йо-Йонгду косметика ишканасын кыдырып жүргөндүгүн көрсөткөн фотосүрөттөр, мамлекеттик маалымат агенттиги тарабынан жарыяланды.

Анда Ким Чен Ынды гүлдүү көйнөк кийген жубайы Ри менен Эмгек партиясынын саясий бюросунда кызмат кылган жана 20 жаштарында экени айтылган карындашы да коштоп жүрдү.



Тектеш кабарлар