Сирияда 13 миң 104 киши кыйноо менен өлтүрүлдү

2011 -  жылдын март айынан 2017 -  жылдын сентябрь айына чейинки убакытта 13 миң 104 киши кыйноо менен өлтүрүлгөндү.

837242
Сирияда 13 миң 104  киши кыйноо менен өлтүрүлдү

Сирия адам укуктары желеси өлкөдөгү кризис башталган 2011 -  жылдын март айынан 2017 -  жылдын сентябрь айына чейинки убакытта 13 миң 104 киши кыйноо менен өлтүрүлгөндүгүн билдирди.

Сирия адам укуктары билдирген отчетто : «Бул мезгилде 166сы бала, 57си аял болгон 13 миң 104 киши кыйноо менен өлтүрүлдү»,- деп айтылды. Отчетто Сириядагы кризистин 2011 -  жылы март айында башталып 2017 -  жылдын февраль айына чейинки убакытта да 106 миң 727 кишинин камалгандыгы жана бул сандын 90, 15 пайыз башкача айтканда 85 миң 36 кишинин жоголгондугу билдирилди. Отчетко караганда Астана сүйлөшүүлөрү башталган 23 -  январдан бери эң аз 5 миң 24 киши камоого алынып, 5 миң 27 киши да жоголду.

Сирия режиминин камоого алуулардын 87 пайызынан жооптуу экендиги белгиленген отчетто БУУ жана Астана сүйлөшүүлөрүнүн кепилдери тарабынан «жоголгон кишилер менен бирге 90 пайызы режимдин колунда болгон 86 миң кишинин тагдырынын иликтениши» үчүн бир изилдөө комитетин куруу талабы билдирилди.

 

 



Тектеш кабарлар