Астанадагы 7 - Сирия жыйыны

Сирия жыйыны Түркия, Орусия жана Иран делегацияларынын эки тараптуу сүйлөшүүлөрү менен башталды.

836744
Астанадагы 7 -  Сирия жыйыны

Казакстандын борбор шаары Астанада 7 -  өткөрүлгөн Сирия жыйыны Түркия, Орусия жана Иран делегацияларынын эки тараптуу сүйлөшүүлөрү менен башталды. Тараптар кечээ өткөргөн алдыңкы сүйлөшүүлөрдө оболу Асад режими абакка алган туткундардын эркин койо берилиши каралды.

Түрк жана орус делегациясы алдыңкылык катары режимдин ок атышпоолордогу эреже бузуулары туралуу сүйлөшүүдө. Аскердик оппозиция делегациясы да БУУ менен жыйындан мурда кеңеш өткөрүүдө.

Оппозициячыл булактардан алынган маалыматка караганда Эркин Сирия Армиясынын командирлеринен Ахмед Бырринин жетекчилигиндеги  делегация БУУна ок атышпоо эрежелеринин бузулушу, режимдин жана Иран колдогон куралдуу күчтөрдүн кыргыны, режимдин абактарындагы кишилердин абалы менен режим, Иран жана ПКК/ПЙДнин аткарган демографиялык өзгөртүүлөрү тууралуу төрт документти сунуштайт. Түркия убактысы боюнча саат 12де Түркия, Орусия жана Ирандын биринчи үчтүк жыйында жолугушуусу күтүлүүдө.

 



Тектеш кабарлар