Түндүк Корея АКШ калкынын 90 пайызын жок кыла алат

Түндүк Кореянын ыктымалдуу ядролук кол салуусунан АКШ калкынын 90 пайызы кыргынга учурай турганы жарыяланды.

836315
Түндүк Корея АКШ калкынын 90 пайызын жок кыла алат

Түндүк Кореянын ыктымалдуу ядролук кол салуусунун натыйжасында пайда боло турган электромагниттик сокку АКШ калкынын 90 пайызын жок кыла турганы жарыяланды.

АКШнын Конгресси үчүн даярдалган бир отчетто, АКШнын территориясынын үстүндө атмосферанын тышында боло турган ядролук жардыруунун, материктин толугуна таасирин тийгизе турганы жана атмосферадан болуучу апааттарга алып бара турганы белгиленди.

Business Insiderдин отчетуна караганда, «Түндүк Корея, коркунуч туудуруш үчүн материктер аралык баллистикалык ракетага ээ болууга мажбур эмес. Пхеньян, Түштүк уюл аймагына ядролук курал жөнөтүш үчүн ракеталарды колдонушу мүмкүн жана анын артынан муну АКШнын территориясынын үстүндө жардыра алат. Бул болсо жогорку деңгээлдеги электромагникттик сокку урат. Мунун натыйжасында да электр-энергиясы системасы белгисиздиктин себебинен иштебей калат жана бир жылдын ичинде АКШ калкынын 90 пайызы каза табат»,деген сөздөргө орун берилди.



Тектеш кабарлар