Твиттердин Russia Today жана Спутникке чектөө коюшуна Орусия жооп кайтарды

Твиттер, Орусиянын басма сөз мекемелеринен Russia Today жана Спутникке 8-ноябрда АКШдагы президенттик шайлоолоруна кийлигишүү аракетин кылгандары айтымдары менен тыюу салды.

835816
Твиттердин Russia Today жана Спутникке чектөө коюшуна Орусия жооп кайтарды

Американын социалдык бөлүшүү барагы Твиттер, Орусиянын басма сөз мекемелеринен Russia Today жана Спутникке 8-ноябрда АКШдагы президенттик шайлоолоруна кийлигишүү аракетин кылгандары айтымдары менен тыюу салды.

Фирманын жарыясында, аты аталган мекемелерге таандык эч бир эсептин Твиттер аркылуу реклама бере албай турганы белгиленип, бул сөздөргө орун берилди; «АКШнын Чалгындоо тобунун жасаган изилдөөлөрүнүн жыйынтыгына караганда Russia Today жана Спутник Орусия өкмөтүнүн атынан 2016-жылы АКШнын президенттик шайлоолоруна кийлигишүү аракетин кылган. Бул Твиттерде кааланбаган нерсе. Биз жүргүзгөн ички териштирүүдөн кийин Russia Today жана Спутник ээ болгон бардык эсептерден реклама алынбай турган болду».

Жарыяда айрыкча Russia Today, Твиттер аркылуу рекалама бере баштаган 2011-жылдан бери фирманын тапкан 1,9 миллион долардык кирешесинин АКШнын президенттик шайлоолору туурасында жүргүзүлгөн изилдөөлөргө бериле турганы билдирилди.

Твиттер, 28-сентябрдагы жарыясында Russia Today өткөн жылы АКШда рекламалар үчүн 274 миң 100 доллар каржылаганы жана Russia Today менен байланышы болгон үч башка Твиттер эсебинен бардыгы 1823 бөлүшүү жасалганын жарыялаган.

Орусия тарабынан болсо жооп кечиккен жок.

Орусия, Твиттердин Russia Today жана Спутникке карай рекламаларга тыюу салуу чечиминин Орусиянын медиасына бөгөт коюуга багытталганын белгиледи жана бул чечимге жооп бериле турганын жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова, бул чечимдин чагымчылдык кадамы болгонун жана АКШнын мекемелеринин жана чалгындоо кызматтарынын кысымынын жыйынтыгы болгонун белгилеп кетти.

Орус дипломат, «Атайын кызматтарынын колдоосу менен Орусиянын медиа каражаттарынын иш-чараларына тоскоол болуунун, АКШнын сөз эркиндигинин гарантиясы болгон эл аралык жана ички мыйзамдарын орой түрдө бузгандыгын көрсөтүп турганын баса белгилөөдөбүз»,-деп айтты.

Захарова, «Бул акцияга жеке менчик фирмалардын да кошулуусунун Американын күч мекемелеринин медиа инструменттерине карай окшошу болбогон кол салуусун ортого салганын» да кошумчалады.



Тектеш кабарлар