Түндүк Корея башка өлкөлөрдү коркутуусун токтотушу керек

АКШнын коргоо министри Жим Маттис, расмий сапар менен Түштүк Кореяга барды.

835627
Түндүк Корея башка өлкөлөрдү коркутуусун токтотушу керек

АКШнын коргоо министри Жим Маттис, Түндүк Кореянын башка өлкөлөрдү коркутуусун токтотушу керектигин айтты.

Маттис, расмий сапар менен Түштүк Кореяга барды. Маттис Түштүк Кореянын коргоо министри Сун Юнг-му менен бирге Түштүк Корея жана Түндүк Кореянын чек арасындагы аскерлерден тазаланган аймакта орун алган Панмунжом айылын кыдырды.

Маттис, өлкөсүнүн тынчтыкчыл чечүүчү жолду каалаганын белгилеп, «Түндүк Корея башка өлкөлөрдү коркутуусун токтотушу керек»,-деди.

Америкалык министр Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын коркутууларына каршы Түштүк Корея менен колдошуп кыймыл кылгандарын баса белгиледи.

Максаттарынын кескин түрдө согуш бологонун айткан Маттис, Корея жарым аралынын ядролук куралдардан тазаланышын каалагандарын айтты.

АКШнын коргоо министри Маттис: «Маселенин дипломатиялык жолдор менен чечилиши үчүн колубуздан келгендин баарын кылуудабыз»,-деди.

Түштүк Кореянын коргоо министри Сонг болсо, Түндүк Кореядан келе турган кол салууга күчтүү түрдө жооп кайтара тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар