Кеннеди кол салуусунун документтери

2 миң 891 жашыруун документ президент Дональд Трамптын бекитүүсү менен жарыяланды.

835329
Кеннеди кол салуусунун документтери

АКШнын мурунку президенттеринен Жон Кеннеди каза болгон кол салуу тууралуу 2 миң 891 жашыруун документ президент Дональд Трамптын бекитүүсү менен жарыяланды. Документтерге Улуттук архивдин интернет сайтынан жетүүгө болот.

Досье номерлерине карата табууга боло турган документтер көп сандаган жазышуулар, отчет жана териштирүүлөрдөн турат. Өлкөдө 1992 -  жылы чыгарылган Кеннеди кол салуусун каттоо мыйзамы боюнча көпчүлүгү федералдык териштирүү бюросу FBI жана Борбордук кабар алуу уюму CIAге таандык миллиондогон документтин 25 жылдын ичинде коомчулук менен бөлүшүлүшү керек. Бул мөөнөт 26 -  октябрда толот.

Мөөнөттүн толушунан кыска убакыт мурда Трамп документтердин маанилүү бир бөлүгүнүн жарыяланышына жолдомо берген. Документтердин бир бөлүгү коопсуздук негизи менен жарыяланган жок. АКШнын 35 – президенти Жон Кеннеди 1963 – жылы 22 -  ноябрь жума күнү Далласта өлтүрүлгөн болчу. Кеннеди кол салуусунун сыры эч качан чечиле албады.



Тектеш кабарлар