Украинада кол салуу жасалды

Украинада ашыкча оңчул Радикал партиянын депутаты Игорь Мосийчукка карата кол салууда бир киши каза тапты.

834532
Украинада кол салуу жасалды

Украинада ашыкча оңчул Радикал партиянын депутаты Игорь Мосийчукка карата кол салууда бир киши каза тапты.

Бир мотоциклга жайгаштырылган бомбаны жардыруу менен жасалган кол салууда депутат жараланды. Депутаттын фейсбук баракчасынан берилген маалыматта : «Игорь Мосийчук кол салууга учурады. Еспрессо телекөрсөтүү каналынын имаратынан чыгып бара жаткан учурда жардыруу болду. Игорь Мосийчук жараланып, ооруканага жаткырылды»,- деп билдирилди.

Киев полициясынын катчысы Оксана Блишчик болсо социалдык медиа эсебинен берген маалыматта Еспрессо телекөрсөтүү каналы офисинин жакынындагы жардырууда жаралангандардын дароо ооруканага жаткырылгандыгын белгиледи. Алгачкы белгилөөлөргө караганда жаралангандардын бирөөсүнүн жолдо каза болгондугун белгилеген Блишчик башка 3 жаралуу кишинин абалынын азырынча тактала электигин белгиледи.



Тектеш кабарлар