Орусия орбитага аңчы спутнигин учурду

Орусиянын учуруусу убагында жер бетиндеги жана орбитадагы байланыш системалары, баллистикалык эсептөө ыкмалары менен жаңы программа сыналды.

835027
Орусия орбитага аңчы спутнигин учурду

Орусиянын Авиация-космостук күчтөрү орбитадагы башка кемелердин жанына барып текшерүү жүргүзө алган жана керек болгон убакта тыңчылык кылган спутниктерди жарактан чыгара алган аскердик чалгындоо спутнигин учурду.

Орусиянын учуруусу убагында жер бетиндеги жана орбитадагы байланыш системалары, баллистикалык эсептөө ыкмалары менен жаңы программа сыналды.

Спутниктин платформадан автоматтык түрдө чыгышы, алыстан башкаруу системасы менен көрсөткүчтөрдүн алынышы жана алынган көрсөткүчтөрдүн иштөө системаларынын иштей алуусу да сыналды.

Маалыматка караганда 2017-жылдын 23-июнунда «Космос-2519» аттуу платформадан учурулган жана автоматтык учууга өткөн спутник, чет элдик тыңчы спутниктердин иш-чараларын белгилеп керек болгон учурда бул спутниктердин үстүнө аңчы спутник куруу жөндөмдүүлүгүнө эгедер.

Аскердик спутникти өнүктүрүү пикири алгач ирет АКШ менен Советтер Союзунун ортосундагы Суук согуш мезгилинде ортого чыккан. Андан соң Советтер Союзу «Истребитель спутник» аттуу программа иштеп чыкты.

Программанын максаты кандайдыр бир коркунуч болгон учурунда АКШнын ракеталык кол салуу тууралуу эскертүү берүүчү системаларына караштуу космостук кемелерин жарактан чыгаруу болуп саналат.



Тектеш кабарлар