Орусия менен Катар аскердик кызматташтык чечимин чыгарды

Сергей Шойгу Катарга барган биринчи орус министр болду.

834519
Орусия менен Катар аскердик кызматташтык чечимин чыгарды

 

Катардын коргоо министрлигине караштуу руханий багыттоо директорлогунан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен катардык кесиптеши Халид бин Мухаммед ел  -  Атиййенин арасында борбор шаар Дохада өткөрүлгөн жолугушууда эки тараптуу карым – катнаштар, аскердик жана коргонуу тармактарында кызматташтыктын күчөндүрүлүшү, Булуң жана Сирия кризистериндеги акыркы абалдар жана террор менен күрөш темалары каралды.

Эки тарап жолугушууда аскердик техникалык кызматташтык келишими, абадан коргонуу тууралуу макулдашуу келишими жана аскердик материал алуу тууралуу жалпы эрежелерди камтыган мыйзамдуу келишимге кол коюшту.

Катар эмири Шейх Темим бин Хамед Ал Сани да Шойгуну Дохадагы Ел  - Бахр сарайында кабыл алды. Кабыл алууда эки тараптуу карым  - катнаштар, аскердик тармакта кызматташтыкты күчтөндүрүү жана аймакта болгон кризистер менен булардын чагылышы каралды.

Сергей Шойгу Катарга барган биринчи орус министр болду. Шойгунун Катар сапары Сауд Аравия, Бириккен Араб Эмирликтери жана Бахрейн да болуп кээ бир араб өлкөлөрү менен Доханын ортосундагы дипломатиялык кризис улантылып жаткан мезгилге туш келүүдө.

Коңшулары «терроризмге колдоо берүү менен күнөөлөгөн1 Катар менен дипломатиялык карым – катнаштарын июнь айында үзгөн болчу.



Тектеш кабарлар