Ирак армиясы Рабиа чек ара капкасын алды

Ирак күчтөрү ПКК/ПЙД террористтеринин чегинишинен чейин Сирия чек арасындагы Рабиа чек ара капкасын текшерүүгө алды.

834633
Ирак армиясы Рабиа чек ара капкасын алды

Ирак күчтөрү ПКК/ПЙД террористтеринин чегинишинен кийин Сирия чек арасындагы Рабиа чек ара капкасын текшерүүгө алды. Ирак армиясынын полковниги Хасан Рыза : «Армияга караштуу 15 -  бөлүктүн күчтөрү Мусулдун түндүк  - батыш бөлүгүндөгү Рабиа чек ара капкасын текшерүүгө алды. Армиянын ПЙД террористтеринин аймактан чыгып Сирия тарабына өтүшүн айтуусу жана мунун ишке ашышы менен чек ара капкасында текшерүү түзүлдү»,- деди.

Рыза Ирак армиясынын бир жумадай мурда Рабиа аймагынын текшерүүсүн колго алгандан кийин бүгүн да 2014 – жылдан бери  жабык болгон  чек ара капкасынын имаратына жайгашкандыгын жана бул жердеги коопсуздук иштерин да карап чыгышкандарын билдирди. Жикчил террордук уюм ПКК/ПЙД пешмерге күчтөрүнүн Рабиа аймагын ДЕАШтан алган 2014 – жыл октябрь айынан бери чек ара капкасынын эки тарабын да кармап турган.



Тектеш кабарлар