Орусия менен АКШнын өкүлдөрү БУУда кайым айтышууда

БУУнун коопсуздук кеңешинде бир долбоордун өтүшү үчүн 15 убактылуу мүчөдөн эң аз тогузунун кабыл добушун бериши жана туруктуу мүчөлөр АКШ, Орусия, Кытай, Англия жана Франциядан кай бирөөнүн вето укугун колдонбоосу керек.

833901
Орусия менен АКШнын өкүлдөрү БУУда кайым айтышууда

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли, БУУ жана Химиялык куралдарга тыюу салуу уюуму (OPCW) тарабынан түзүлгөн, Сирияда химиялык курал колдонуусун териштирген Биргелешкен териштирүү миссиясынын кызмат мөөнөтүнүн узартылышын талап кылган токтом долбоорун Орусиянын вето кылганына каршылык көрсөттү.

Хейли: «Орусия, химиялык курал колдонгон варвар Асад режиминин кылмыштарынын жазасыз калышын камсыздаш үчүн эмне керек болсо жасай турганын дагы бир жолу көрсөттү»,-деп айтты.

Хейли: «Орусия көз карандысыз жана толугу менен техникалык болгон БУУнун органынын кызмат мөөнөтүнүн узартылышын четке кагып куралдардын колдонулушуна бөгөт коюлушун тоготпогонун аныктады»,-деди. Туруктуу өкүл, Москва бийлигинин БУУнун коопсудук кеңешинин токтомун 9-жолу вето кылып, «Асад жана кылмышкер тобун коргоду жана дагы бир жолу диктатор жана химиялык курал колдонгон террористтер тарапта орун алды»,-деп айтты.

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензия болсо, миссиянын кызмат мөөнөтү узартылышынан мурда 26-октябрда БУУнун коопсуздук кеңешине сунуштай турган «4-апрелде Идлибге караштуу Хан Шейхун аймагындагы кол салууда химиялык курал колдонулганы айтымдары тууралуу» отчетту, миссиянын кандай иштегенин жана далилдерди кантип чогултканын билгиси келгендерин айтып, «26-октябрда отчеттун жарыяланышынан кийин Химиялык куралдарга тыюу салуу уюумунун кызмат мөөнөтүнүн узартылышын кайра талкуулоого даярбыз»,-деди.

Небензия: «АКШ жана шериктештеринин долбоорду бүгүн добушка салуусу жалгыз гана шоу болуп эсептелет жана Орусияны кемсинтүү үчүн эле»,-деп айтты.

АКШ тарабынан даярдалган жана БУУнун коопсуздук кеңешинде добушка салынган долбоорго Орусия менен катар убактылуу мүчөлөрдөн Боливия да каршы добушун берди. 11 мүчө долбоорду колдосо Кытай жана Казакстан калыс добушун беришти.

Долбоор 11 өлкөнүн колдоосун алганына карабастан туруктуу мүчө Орусиянын ветосунун себебинен кабыл алынган жок. Орусия, жарандык согуштун башынан бери 9-жолу Сирия тууралуу токтом долбоорун четке каккан болду.

БУУнун коопсуздук кеңешинде бир долбоордун өтүшү үчүн 15 убактылуу мүчөдөн эң аз тогузунун кабыл добушун бериши жана туруктуу мүчөлөр АКШ, Орусия, Кытай, Англия жана Франциядан кай бирөөнүн вето укугун колдонбоосу керек.



Тектеш кабарлар