Түндүк Кореянын Батыш өлкөлөрүнө жазган ачык каты

Каттын белгиленишин камсыздаган болсо Австралиянын тышкы иштер министри Жули Бишоп болду.

832738
Түндүк Кореянын Батыш өлкөлөрүнө жазган ачык каты

Түндүк Корея, айрым Батыш өлкөлөрүнө жиберген ачык катында  «түрү суук жана акылсыз» (АКШнын президенти Дональд) Трамп бийлигине каршы «чукул баамчыл болуу» чакырыгын салды.

Түндүк Кореянын тышкы иштер комитети тарабынан жазылганы божомолдонгон каттын жашыруун түрдө бир топ Батыш өлкөсүнө жиберилгени ойлондурат.

Каттын белгиленишин камсыздаган болсо Австралиянын тышкы иштер министри Жули Бишоп болду.

Sidney Morning Herald гезитинде орун алган маалыматка караганда кат Түндүк Кореянын консулдук кызматкери тарабынан Австралиянын Индонезиядагы Элчилигине ташталган.

Ар башка өлкөлөрдүн парламенттерине кайрылып жазылган катта, «Трамп эгерде бир ядролук күчкө айланган Түндүк Кореяны ядролук согуш коркунучу менен чөгөлөтө турганын ойлоп жатса, бул чоң жаңылыштык жана сабатсыздык жарыясы болот»,деген сөздөр орун алды.

Катта батыш өлкөлөрүнө «Адам баласын эл аралык адилеттик жана тынчтык үчүн дүйнө жүзүн коркунучтуу ядролук согушка түртүүнү сынаган Трамп бийлигинин түрү суук жана акылсыз кыймылына каршы чукул баамчыл болуу» чакырыгы салынды.

Австралиянын тышкы иштер министри Бишоп: «Бул Астралиянын тышкы иштер министринин Түндүк Кореядан алган каты. Бул ачык кат. Жана көбүнчө дүйнө жүзүнө билдирүүлөрүн мындай жеткиришчү эмес»,-деп айтты.

«Бул катты шериктеш мамлекеттердин жогорку кысымы менен дипломатиялык жана экономикалык санкцияларды киргизүү багытындагы бириккен стратегиясынын ишке жараганы түрүндө түшүнөмүн»деген автралиялык министр, каттын эл аралык коомчулукту бөлүүгө карай чарасыз аракет болгонун жана Түндүк Кореянын изоляцияланганын көрсөтүп турганын белгиледи.



Тектеш кабарлар