АКШ ядролук бомба дүрмөттөлгөн бомбардир учактарын даяр абалга келтиреби?

Amerikan Defense One сайтына маалымат берген АКШнын аба күчтөрү командири, Генерал-лейтенант Дэвид Голдфейн, 1991-жылдан бери алгач ирет В-52лерди 24 саат тревогада туруучу абалга өткөрүүнү ойлогондорун жарыялады.

833385
АКШ ядролук бомба дүрмөттөлгөн бомбардир учактарын даяр абалга келтиреби?

АКШнын Аба күчтөрү, ядролук курал дүрмөттөлгөн В-52 бомбардир учактарын Суук согуштан бери алгач ирет 24 саат негизине жараша даяр кылууга аракеттенүүдө.

Amerikan Defense One сайтына маалымат берген АКШнын аба күчтөрү командири, Генерал-лейтенант Дэвид Голдфейн, 1991-жылдан бери алгач ирет В-52лерди 24 саат тревогада туруучу абалга өткөрүүнү ойлогондорун жарыялады.

Генерал-лейтенант Дэвид Голдфейн: «Бул бир гана даяр болгонубуз темасында ишеним берген башка бир кадам. Муну атайын бир абал үчүн айткан жерим жок, бирок буга биз туш болгон глобалдык абалдын чындыгы катары караймын»,-деп сереп салды.

В-52лерге даяр болуу буйругу азырынча бериле электигин, бирок мунун аткарылган учурунда Суук согуштан кийин алгач ирет ядролук бомба дүрмөттөлгөн В-52 бомбардир учактарынын уча баштай турганын белгилеп өттү.

Голфейн, сөзү болгон буйруктун качан бериле турганы тууралуу, «Бул толугу менен кимден, кандай түрдөгү кыймылдан жана биздин даярдык абалыбызга берилген көңүл бурууга тиешелүү болот»,-деди.

Америкалык командир айрыкча, «Дүйнө жүзү эми коркунучтуу планетага айланды, анткени ядролук курал колдонууну ачык эле айта баштаган адамдар бар. Эми бир гана Советтер Союзу жана биз болгон кош уюлдуу дүйнөдө жашаган жерибиз жок. Ядролук куралы болгон башка актерлор да бар»,деп айтып кыйыр түрдө Түндүк Кореяга шилтеме кылды.

АКШнын президенти Дональд Трамп, өткөн айда Нью-Йоркто болгон БУУнун башкы ассамблеясынын 72-сессиясындагы сөзүндө, ядролук программасын уланткан учурунда Түндүк Кореяга каршы бардык кадамдарды таштоого даяр болгондорун айтып, «Ракета адам ( Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын)  өзү үчүн дагы, режими үчүн дагы жан кечтилик миссиясын аткарууда. Эгерде АКШ, өзүн жана шериктештерин коргоого аргасыз болсо Түндүк Кореяны толугу менен жок кылуудан башка альтернативасы калбайт. АКШ буга даяр, каалайт жана муну жасай алат, бирок буга керек калбоосун тилеймин»,деген.

Пхеньян 2006-жылдан бери эң күчтүү 6-ядролук сыноосун 3-сентябрда кылды.

Бул сыноодон кийин АКШ тарабынан даярдалган жана Түндүк Корея бийлигине жаңы экономикалык санкциялар киргизилишин камтыган токтом долбоору БУУнун коопсуздук кеңешинде кабыл алынган.



Тектеш кабарлар