Трамп, Иран менен Түндүк Кореяны сынга алды

АКШнын президенти Дональд Трамп, Fox News телеканалына маек куруп берди.

832244
Трамп, Иран менен Түндүк Кореяны сынга алды

АКШнын президенти Дональд Трамп, өлкөсүнүн Иранга карай санкциялардын кеңейтилиши темасында Европа Биримдигинин колдоосуна муктаждыгы болбогонун айтты.

Дональд Трамп, Fox News телеканалына куруп берген маегинде, «Аларга менин досторум экендиктерин айттым. Керек болсо Эммануэль Макрон, керек болсо Ангела Меркель же башкалары менен жакшы карым-катнаштарым бар. Бул кишилерди абдан жактырамын. Аларга «Акча табууну уланткыла, тынчсызданбагыла, бул темада сизге муктаждыгыбыз жок» дедим»,-деп айтты.

Трамп, өлкөсүнүн Иран менен болгон «Атомдук» келишимден азырынча чыкпай турганын, бирок мунун жаман келишим болгонун жана Иранга ядролук курал программасын улантуу үчүн мүмкүнчүлүк болгонун эске салып, Конгресске кемчиликтердин жоюлушу боюнча буйрук берилгенин, мындан бир натыйжа чыкпай турган болсо демилге көтөрүп келишимди токтото турганы менен эскертти.

Маегинде Түндүк Корея тууралуу абалдарга да токтолгон Трамп, өлкөсүнүн бул темада ар түрдүү абалга даяр экенин белгилеп өттү.

Трамп: «Биз бардык нерсеге даярбыз. Ушунчалык даяр экенибизге ишене албайсыз. Керек болгондо канчалык даяр экенибизди билгенде, таң каласыз. Муну кылбоо жакшы болобу? Ооба. Бул болобу? Ким билет»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар