Түркия качкындар абдан жакшы иштерди аткарууда

Германиянын канцлери Ангела Меркель Түркиянын баш калкалоочуларга карата абдан жакшы иштерди аткаргандыгын айтты

831050
Түркия качкындар абдан жакшы иштерди аткарууда

Германиянын канцлери Ангела Меркель Түркиянын баш калкалоочуларга карата абдан жакшы иштерди аткаргандыгын айтты. Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн лидерлери баш калкалоочулар, Brexit, Түркия менен карым  - катнаштар, коопсуздук, коргонуу жана сан ариптешүү темаларын сүйлөшүү үчүн Бельгиянын борбор шаары Брюселде жолугушту.

Меркель саммиттен мурда берген маалыматында саммитте Түркиянын баш калкалоочулар тууралуу абдан жакшы иштерди аткаргандыгын айтарын белгилеп : «Түркия менен Европа Биримдигинин ортосунда түзүлгөн келишим менен кээ бир убадаларды бердик. Берилген 3 миллиард менен бирге келерки жылдар үчүн кошумча катары 3 миллиард дагы убада берген болчубуз. Бул убаданы орнудатуубуз керек. Бул акча кыйын шарттарда жашап жаткан баш калкалоочулар үчүн жумшалат. Түркиянын баш калкалоочуларга карата өзгөчө иштерди аткарып жаткандыгын дагы бир жолу айткым келет»,- деди.



Тектеш кабарлар