Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жана коопсуздукка багытталган ар бир коркунуч Иранга байланыштуу

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли, БУУнун коопсуздук кеңешиндеги сөзүндө Иранды cынга алды.

830151
Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жана коопсуздукка багытталган ар бир коркунуч Иранга байланыштуу

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли, Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жана коопсуздукка багытталган ар бир коркунучтун Иран менен байланыштуу болгонун айтты.

Хейли, БУУнун коопсуздук кеңешиндеги сөзүндө Иранды бутага алып, Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жана коопсуздукка багытталган ар бир коркунучтун Иран менен байланыштуу болгонун айтып чыкты.

БУУнун коопсуздук кеңешиндеги "Жакынкы Чыгыш жана Палестина" темалуу жыйналышта сөз сүйлөгөн Хейли, сөзүнүн толугун Иранга жана атомдук келишимге бөлүп катуу сындоолорду айтты.

Хейли, Иранды террорго жана аймактык ыраатсыздыкка себепчи болгону менен күнөөлөөдү.

Ирандын «Кол салгыч, туруктуулукту бузган жана мыйзамга жатпаган мамилелеринин териштирилиши маңыроолук боло турганын» айткан Хейли, Сирия, Йемен жана Ливандагы кадимки куралдардын булагынын Иран экенин алдыга койду.

Хейли: «Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жана коопсуздукка багытталган ар бир коркунуч Иранга байланыштуу»,-деди.

АКШ,Франция, Австралия жана Украинанын Йеменге гранатамед, автоматтарды жана танка атуучу ракеталарды ташып бараткан кемелерди токтотконун белгилеген Хейли, Ирандын БУУнун коопсуздук кеңешинде хусулерге карата киргизилген курал эмбаргосу токтомун бузганын белгиледи.

Иранды ракета сыныганы менен сындаган Хайли, «Түндүк Кореянын ракета сыноолору жаңылыш болсо эмне себептен ошондой эле эрежелер Иран үчүн жарактуу эмес жана көз жаздымда калтырылууда»,-деп айтты.

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензия болсо Хейлинин Палестина маселеси сүйлөшүлгөн БУУнун коопсуздук кеңешинин отурумунда Палестина маселесине эч токтолбогонуна көңүл бурду.

Небензия: «АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Хейлинин Палестина маселеси тууралуу бир да сөз айтпоосу көңүлдү калтырды»,-деп айтты.

Палестина маселесинде эч кандай жылыш болбогонуна санааркагандарын белгилеген Небензия, Израиль-Палестина маселесин чечүү боюнча аймактык абалдарды колдогондорун айтты.

 

 



Тектеш кабарлар