АКШ эч күтпөгөн бир маалда «элестете албай турган» кол салууга дуушар болот
Түндүк Кореянын маалымат агенттиги (KCNA) Пхеньяндын Вашингтонду эч күтпөгөн бир маалда «элестете албай турган» кол салууга дуушар боло турганы менен эскерткенин жарыялады.
Түндүк Корея АКШны эч күтпөгөн бир маалда «элестете албай турган» кол салууга дуушар боло турганы менен коркутту.
Түндүк Кореянын маалымат агенттиги (KCNA) Пхеньяндын Вашингтонду эч күтпөгөн бир маалда «элестете албай турган» кол салууга дуушар боло турганы менен эскерткенин жарыялады.
Пхеньяндын маалымдоосу АКШ флотунун Түштүк Корея менен Корея жарым аралында АКШнын учак конуучу кемеси «Рональд Рейган» катышкан биргелешкен чоң машстабдуу машыгуусу өтүп жаткан убакта айтылды.
Анда, Түндүк Кореянын Курч кырдаалдар комитетинин Сеул жана Вашингтондун ортосундагы «ядролук согуш машыгуусун» айыптаганы жана машыгуу тууралуу «АКШ биздин түбүбүзгө келип биздин алдыңкы планда деп белгилеген буталар турган жерде чыга калып оолугууда. АКШ эч күтпөгөн бир маалда «элестете албай турган» кол салууга дуушар боло турганын күтүшү керек»,деген сөздөр орун алды.