Орусия - Япония тынчтык келишими

Япониянын айтуусуна караганда Экинчи дүйнөлүк согушу бүткөндөн кийин эки өлкөнүн ортосунда тынчтык келишимине кол коюлган эмес.

827474
Орусия  - Япония тынчтык келишими

Япониянын премьер  - министри Шинзо Абе Орусия менен тынчтык келишимине кол коюла турган болсо мунун эки өлкө үчүн пайдалуу болорун белгиледи.

Япон кабар агенттиги Киодонун билдиргенине караганда Хоккаидо аралында сөз сүйлөгөн Абе Орусия менен тынчтык келишимине кол коюу тууралуу мунун эки өлкөнүн пайдасына болорун айтты. Абе : «Түштүк Курил аралдарынын кайра алынышы биздин чын жүрөктөн каалообуз. Келишимге кол коюла турган болсо Орусиянын бул келишимдин эки тарап үчүн да пайда алып келерин түшүнө турган шарттарды жаратабыз», деди.

Япония Орусиянын Экинчи дүйнөлүк согуштун акырында текшерүүсүн колго алган Курил аралдарынын өздөрүнө кайра берилишин тынчтык келишимине кол коюу үчүн шарт катары киргизүүдө.

Япониянын айтуусуна караганда Экинчи дүйнөлүк согушу бүткөндөн кийин эки өлкөнүн ортосунда тынчтык келишимине кол коюлган эмес.

 



Тектеш кабарлар