Испания жана Португалияда токой өрттөрү

Испаниянын түндүк – батышында Галиция аймагындагы токой өрттөрүнөн улам 3 киши каза болду.

827631
Испания жана Португалияда токой өрттөрү

Испаниянын түндүк – батышында Галиция аймагындагы токой өрттөрүнөн улам 3 киши каза болду.

Испания мамлекеттик телекөрсөтүүсү RTVEдеги кабарга караганда Галицияда жума күндөн бери 146 жерде өрт чыкты. 17 жерде улантылып жаткан өрттүн отурукташуу жерлерин коркутууда. Аймактагы ысык аба, кургактык жана саатына 90 километр ылдамдыкка жеткен шамалдын өрт өчүрүү иштерин кыйындаткандыгы баса белгиленди.

Өрт өчүрүү иштерине 600 аскер, 5 миңге жакын өрт өчүргүч жана жарандык жардам кызматкерлеринин катышкандыгы билдирилди. Өрттөн улам миңдеген киши үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болду.

Аймактагы кээ бир жолдордун унааларга жабылгандыгы, көп сандаган үйдүн өрттөнгөндүгү жана 20дан ашуун отурукташуу жеринде билим берүүнүн токтотулгандыгы жарыяланды. Бир тараптан Португалиянын ортоңку жана түндүк аймактарында да жуманын акырынан бери 300дөн ашуун жерде өрт чыкты.

1500 кишилик бир топ өрт өчүрүү иштерине катышкан Португалияда кээ бир отурукташуу жерлеринин бошотулгандыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар