АКШ менен Түштүк Кореянын машыгуусуна Кытай каршы...

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Лу Кан,Түштүк Корея жана АКШнын бирглеше машыгуу өткөргөн жарым аралда учурда чыңалган атмосферанын жана сезимтал абал бар экенин белгилеп өттү.

828128
АКШ менен Түштүк Кореянын машыгуусуна Кытай каршы...

Түндүк Кореянын континеттер аралык баллистикалык ракета сыноолору менен атомдук программасына карата чыңалуу уланып жатканда АКШ менен Түштүк Корея бирглеше машыгуусун баштады.

Корея жарым аралындагы машыгуу 5 күнгө созулат.

Түштүк Кореянын Коргоо министрлигинен бир катчы биргелешкен машыгууга орто эсеп менен 40 флот кемеси менен катар «USS Ronald Reagen» учак конуучу кемесинин да катышканын белгиледи.

АКШнын флоту 7-флоттун жарыясында да аскердик машыгуу менен «шериктештиктин таасирдүү жана координациялуу аскердик кыймылдары» көрсөтүлө турганы билдирилди.

Биргелешкен машыгуу Япон деңизи менен Сары деңиздин ортосундагы аймакта өтөт.

АКШ жана Түштүк Кореянын флоттору машыгууну абадан, кургактыктан жана деңизден жүргүзөт.

Пхеньян бийлиги болсо АКШ жана Түштүк Кореянын биргелешкен аскердик машыгуу менен Түндүк Кореяга кол салуу даярдыгында болгонун айтып чыкты.

Бир тараптан Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Лу Кан, борбор шаар Пекинде уюштурган маалымат жыйынында Түштүк Корея жана АКШнын бирглеше машыгуу өткөргөн жарым аралда учурда чыңалган атмосферанын жана сезимтал абал бар экенин белгилеп өттү.

Абалдын мындай түрдө уланышынын эч кимге, өзгөчө да аймак өлкөлөрүнүн кызыкчылыктарына жооп бербей турганын баса белгилеген Лу Кан, бардык тараптардын тынчтыкты улантууларын жана диалогдун айланасында кыймыл кылууларын каалагандарын айтты.



Тектеш кабарлар